Бейшембиде күндүз өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +17…+22, Талас облусунда +15…+20, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл менен Нарын чөлкөмүндө +18…+23 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +18…+20, Ош шаарында +21…+23 градуска жетет.