Бүгүн айрым жерлерде жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +21…+26, Таласта +19…+24, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +14…+18 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте +24…+26, Ош калаасында +25…+27 градуска жетет