7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Азия Кубогу. Кыргызстандык футзалчылар Японияны жеңди

148

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасынын Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунда старт алды.

Улуттук кураманын биринчи беттеши «Бангкок Арена» стадионунда Японияга каршы өттү. Беттеште эсеп саны 2-3 менен Кыргызстандын курамасы жеңди. Голдордун авторлору Самат Жанат уулу, Максат Алимов жана Кайрат Кубанычов.

Ата мекендик курама Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен «С» тайпасында жайгашкан. КР курамасынын тайпадагы кийинки беттеши 20–апрелде Тажикстанга каршы өтөт.

 

149