Бүгүн 29-февралда өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдирди.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4,
Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +3…+8,
Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -4…-6, күндүз +2…+4 градус болот.