Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан: Биздин университет 28 жыл ичинде 200 китеп басып чыгарды, алардын ичинен 40 китеп – киргыз тилин өнүктүрүү боюнча эмгектер. Аны менен катар биз «Түркчө-кыргызча сөздүк» дагы даярдап чыгардык, анын биринчи басылышы 50 миң сөз камтыган, кийинки басылышына 75 миң сөз кирди, азыр 100 миң сөздөн турган вариантын даярдап жатабыз. Башка мамлекеттерден Бишкекке келип окуган студенттерге биз алгач кыргыз тилин үйрөтүп, андан соң кыргыз тилинде окутабыз.
Мен өзүм тарыхчы болгондуктан, Саймалы-таштагы жазмаларды иликтеп, илимий эмгектерди жазгам. Бул тарыхый эстелик баардык тарабынан изилдене турган байлык, ал жалгыз эле кыргыздарга эмес, бүткүл түрктөргө таандык нерсе, аны баарыбыз биригип изилдеп-иликтеп, сакташ керекпиз. Анткени дал ушундай эстеликтер – Балкандан тарып, Кытайга чейинки мейкиндикке жайылган түрк элдерин бириктирет.