7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Чүйдөгү автоунаа чогултуу ишканасынын курулушун баштап берди

466

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-февралда, Чүй облусунун Сокулук районунда автоунаа чогултуу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананын курулушуна “мезгил кутусун” салды.

Долбоордун негизги ишмердүүлүгү электромобилдерди, коммерциялык, жеңил автоунааларды, атайын техниканы чогултууга, ошондой эле транспорт каражаттарын жана тиешелүү продукцияларды эл аралык сатыкка алып чыгууга багытталган.

Ишкананы куруу жана ишке киргизүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, жергиликтүү ишканалар тарабынан “China Hubei Zhuoyue Group” кытай компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат. Биринчи этаптагы инвестициялык көлөмү 115 миллион АКШ долларын, долбоордук кубаттуулугу — жылына 80 миңден ашуун автоунааны түзөт.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө жүргүзүлүп жаткан инвестициялык саясат, анын ичинде салык жеңилдиктерин берүү, инвесторлор үчүн жагымдуу жагдайларды жаратып жатканын айтты. Президент тышкы инвестицияларды тартпастан тез экономикалык өнүгүүгө жетишүү мүмкүн эместигин баса белгиледи. Ал бул инвестициялык долбоор республиканын автоунаа өнөр жайын өнүктүрүүгө, ички дүң продукциядагы бул тармактын үлүшүн арттырууга жана кошумча жумуш орундарынын жаралышына чоң өбөлгө берет, деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров тармакта жагымдуу шарттарды камсыз кылуу менен бирге автоунааларды чыгаруу, импортко автоунаа тетиктерин өндүрүү жана эл аралык сооданы өнүктүрүү жолу менен Кыргызстандын улуттук автомобиль брендин түзүүгө максат коюш керектигин баса белгиледи.

Президент бул мүдөөгө жетүү — бул тармакты өнүктүрүүгө кедергисин тийгизип жаткан тоскоолдуктарды жоюп, андан улам пайда болгон чыгашаларды азайтып, өлкөнүн экономикалык кирешесин арттырып, жумуш орундарын түзөрүн белгилеп өттү.

Мамлекет башчысы биздин өлкөдө ишке ашырылып жаткан мындай чоң долбоор ар тараптан колдоого муктаж экенин белгилеп, бул ишкана “Кыргызстанда чыгарылган, Кыргызстанда өндүрүлгөн” деген брендди түзүүгө башат болуп беришин тилек кылды.

Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь билдиргендей, долбоорду ишке ашыруунун башталышы эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгүнүн натыйжасы болуп саналат. Ал Мамлекет башчысына жеке көңүл буруп, эки өлкөнүн ортосундагы ишкер кызматташтыкка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, жалпы аракеттердин аркасында долбоор ишке ашырылып, Кыргызстан менен Кытайдын өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүдө үлгү болот деген ишенимин билдирди.

Автоунааларды чыгаруу жана сатыкка алып чыгуу боюнча ишкананы ишке киргизүү үстүбүздөгү жылдын август айында күтүлүүдө.

 

467