Бүгүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө +9…+14, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10…+15, Ысык-Көл жергесинде +8…+13, Нарында +6…+11 градус жылуу болору айтылды.
Ал эми, Бишкек менен Ошто эртең менен жана күндүз жамгыр жаайт. Күндүн табы борбор калаада +12…+14, Ошто +13…+15 градуска жетет.
Нооруз майрамыңыздар кут болсун! Жер-жерлерде сүмөлөк кайнатылып, айлана шаңга бөлөнүүдө. Андыктан, сизге жакшы эс алуу каалайбыз, окурманым.
Бул майрам ар дайым элибизге жакшылыктарды ыроолоп, жергебизге кут, береке тартууласын. Үй-бүлөңүздөргө бакыт каалайбыз!