Бүгүн, 10-августта айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Ал эми жалпысынан алганда абанын температурасы Чүйдө +32…+37, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +34…+39, Таласта +29…+34, Ысык-Көл облусунда +23…+28, Нарын регионунда +21…+26 градуска жетет.
Синоптиктер 10-августта өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүп, суу ташкындайт деген коркунучу бардыгын эскертишти.



