Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп «Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан депутат болгон Кубанычбек Конгантиев шайланды. Анын талапкерлигин 45 депутаттын 41и колдогон.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары болуп «Эмгек» партиясынан депутат болгон Токтосун Султанов шайланды.
Конгантиевдин талапкерлигин «Эмгек», «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан түзүлгөн көпчүлүк коалиция сунуштаган. «Ынтымак» жана «Социал-демократтар» партиясы оппозицияда калды.
Кубанычбек Конгантиев буга чейин «Кыргызстан» партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон.
Жыйынтыгы жокко чыккан 11-апрелдеги шайлоодо Кубанычбек Конгантиев «Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы» менен шайлоого катышкан болчу.Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партияны добуш сатып алуу фактысы үчүн шайлоодон четтеткен.
Кубанычбек Конгантиев -эмгек жолун Ысык-Ата райондук прокуратурасында тергөөчү болуу менен баштаган. Андан кийин «Ливерпуль» ЖЧКсынын юридика бөлүмүн жетектеген жана Улуттук Олимпиада комитетинин вице-президенти болгон.
Кубанычбек Конгантиев мурдагы башкы прокурор Камбаралы Конгантиевдин уулу. Эске салсак, агасы (атасы менен бир тууган) Молдомуса Конгантиев отставкадагы генерал, мурдагы Ички иштер министри.