7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кыл аркандан жылан өтө албайт”. Нарк куржундан

362
Аксакал баштаган топ жигиттер жаңы эле Теке-Секирик ашуусун артка таштап, Жыландуу жылганын түзөңүнө өргүдү. От улуу жагылып, күнү бою аттан түшпөгөн баатырлар тердик салынып, ээрди жазданып уйкуга киргенде, аксакал ордунан туруп, канжыгадагы кыл арканды чечип, тегерете таштап койду.
Айланта ташталган аркандын ичинен эсен-соо ойгонгон жигиттер: «Жарыктык, ырымыңыздын ың-жайын айтып бербейсизби» – дегенде, КЫЛ АРКАНДАН жылан өтө АЛБАЙТ балдарым, СҮТ ЭМГЕН ТАЙДЫН КУЙРУК КЫЛЫНАН ЭШКЕН арканда жан бар, алгач кармаганда эле денең дүрт дейт, колуң үркөт, илгертен бабаларыбыз боз үйдү тегерете кыл аркан таштап коюшчу деди.
Жол уланды.
363