Токмок шаарына республикалык бюджеттин эсебинен 29 даана жаңы техниканын биринчи партиясы алынып келди. Бул тууралуу шаар мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардын инфраструктурасын жакшыртуу максатында, «Токмок жол-курулуш» муниципалдык ишканасына 14 даана атайын техникалар алынып келинди.
Атайын техникалар Кытай мамлекетинен сатылып алынган. Дагы 15 даана техника кийинки жумада алып келинери күтүлүүдө.