Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев Кыргызстанга келди. Бул тууралуу 7-каналга өздүк булактар билдирди.
Алдын ала маалыматтарга таянсак, Абжалиев кечээ, 27-июнда Казак чек арасы аркылуу келген.
Белгилей кетсек, УКМК Абжалиевге мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон. Ал экс-президент менен тууганчылыгын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине активдүү кийлигишип, жеке структуралардын кызыкчылыктарын лоббилөө менен алектенип жүргөндүгү аныкталган.
Ошондой эле мамлекеттик кызматкер Абжалиевдин 20дан ашык элиталык батири, Бишкек шаарынын VIP шаарчаларында турак үйлөрү, Ысык-Көл облусундагы пансионатты, Ысык-Көл жана Чүйдөгү жер тилкелери, Түркияда жана Бириккен Араб Эмираттарында кыймылсыз мүлктөрү аныкталган.