Коронавирусту аныктаган ПЦР тесстин баасы төмөндөдү. Антимонополдук агенттиктин 25-июнундагы No19 буйругу менен ПЦР тарифи 788 сомду түздү. Бул маалыматты Антимонополдук агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков тастыктады.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин улуттук вирусологиялык лабораториясында ПЦР тесттин баасы буга чейин 1574 сом болчу.
Бул арзандатуунун жеке лабораторияларга тийешеси жок. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жеке компаниялар баасы өздөрү коёрун айтышат.