7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мүмкүнчүлүгү чектелген жаранга мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси берилди

497

Токтогулда мыйзамсыз басып алынган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген 0,15 га жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып, 1-топтогу майып адамга өткөрүлүп берилди.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган райондун Ак-Тектир айылынын тургуну К.С. 0,15 га жери бар экендигине карабастан, анын аянтын мыйзамсыз кеңейтүү максатында кошумча 0,15 га жерди басып алып, аны тосмолоп алгандыгы такталган.

Мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө сунуш киргизилип, аны кароонун жыйынтыгы менен аталган жер тилкеси Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн балансына кайтарылып алынган.

КРнын мыйзамдарына ылайык, тоголок жетим балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга турак жай, жер тилкелери кезексиз берилүүгө тийиш. Андыктан, мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга турак жай куруу үчүн жер тилкесин берүү жөнүндө аталган айыл аймагынын башчысынын наамына прокурордук акт келтирилген.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 25-июнунда бул жер тилкеси аталган айыл өкмөтүнүн тургуну майып Т. Н. кызынын жеке менчигине өткөрүлүп, ага укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү мамлекеттик акты берилди.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

498