7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мамлекеттик кызматка кирем дегендер үчүн 231 орун бар, конкурс уланууда

3911
Улуттук кадрлар резервине кирүү үчүн конкурска катышууга документтерди кабыл алуу уланууда. 2021-жылдын 28-июнуна карата Улуттук кадрлар резервинде 231 ваканция бар. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
«Өткөн аптанын жумасында Мамлекеттик кадр кызматында Улуттук кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурстук комиссиясынын конкурсанттар менен болгон кезектеги аңгемелешүүсү болуп өттү. Аңгемелешүүгө 30 талапкер чакырылса, алардын 27си келип, 3 талапкер келген жок. 28-июнуна карата Улуттук кадрлар резервинин катарын 231 резервист толуктайт. Алардын арасынан 121 резервист жогорку кызмат орунуна, 110 резервист башкы кызмат орунуна», -деп жазылат.
Улуттук резерв — мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана жогорку административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдегилердин) тобу.
Мыйзамга ылайык, жогорку жана башкы кызмат орундарына кадрларды алууда, дайындоо Улуттук жана ички кадрлар резервдеринин катарынан жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3912