7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Кылмыш жасап кармалгандарды камакта кармоо тартиби жөнүндө” мыйзамга кол коюлду

272

Президент Садыр Жапаров “Кылмыш жасоого шектелип жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоо тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамына кол койду.

Мыйзам 19-мартта Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамды жаңы редакцияда кабыл алуунун максаты шектүү же айыпталуучу каза болгондо же катуу ооруганда милдеттүү түрдө кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү маселеси боюнча ченемдерди конкреттештирүү, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык келтирүү, ошондой эле редакциялык мүнөздөгү башка түзөтүүлөрдү киргизүү болуп саналат.

Мыйзам менен төмөнкүлөр каралган:

— шектүү же айыпталуучу катуу ооруп калганда же каза болгондо кабарланууга тийиш болгон адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү (прокурор жана тергөө органдары);

— тергөө органына алып келген учурда тергөөчү тарабынан шектүүнү кармоо жөнүндө токтом түзүү;

— бошогондо шектүүгө же айыпталуучуга ким тарабынан кармалгандыгы, кармоонун негизи, жери жана убактысы, бошотуунун негизи жана убактысы көрсөтүлгөн маалымкат берүү;

— финансылык полиция органы жоюлгандыгына байланыштуу аны чыгаруу;

— “жашы жетпегендер” деген сөздү “балдар” деген сөз менен тиешелүү жөндөмөлөрдө алмаштыруу;

“соттолуучулар” кылмыш-жаза-укуктук мамилелердин субъектинин статусун жоготкондугуна байланыштуу алар жөнүндө ченемдик эскертүүнү алып салуу.

273