7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

543

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КРнын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзам менен КР Кылмыш-жаза кодексинин 58-беренесинин 6-бөлүгү (эскирүү мөөнөтү колдонулбаган кылмыштардын тизмеси) жаңы редакцияда баяндалды, ага ылайык аталган берене төмөнкү беренелер менен толукталды:

– 209-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык);

– 210-берененин 3, 4-бөлүктөрү менен (уюшкан топ тарабынан, кылмыштуу коомдоштуктун курамында, кызматтык абалын пайдалануу менен, ири жана өзгөчө ири өлчөмдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу);

– 215-берененин 3-бөлүгү менен (адамдардын тобу тарабынан, алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү);

– 336-беренеси менен (Коррупция).

Ошондой эле, мыйзам менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренеси эгерде кылмыш менен келтирилген материалдык зыяндын орду толтурулбаса, кылмыш куугунтугунун эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен кылмыш ишти токтотууга жол берилбей тургандыгы боюнча бөлүк менен толукталды.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

544