7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизилди

453

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 16-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам Конституциялык соттун 2023-жылдын 25-октябрындагы чечимин аткаруу максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, Конституциялык сот 2023-жылдын 25-октябрындагы чечими менен Жазык-процессуалдык кодексинин 455-беренесинин 1-бөлүгүн КРнын Конституциясынын 58-беренесинин 4-бөлүгүнө, 61-беренесинин 1-бөлүгүнө, 100-беренесинин 4-бөлүгүнө каршы келет, ошону менен кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, ишти жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун чектейт деп тааныган.

Ошондуктан бул мыйзамдын максаты кайтадан ачылган жагдайлар боюнча ишти кайра баштоо жана соттун өкүмүн, аныктамасын, токтомун жокко чыгаруу, ишти токтотуу, сотко чейинки өндүрүштү уюштуруу үчүн ишти прокурорго же жаңы соттук териштирүү үчүн сотко өткөрүп берүү боюнча соттун укугун кеңейтип, тактоо болуп саналат.

Ошону менен бирге мыйзамдын жоболорун ишке ашыруу сот адилеттигиндеги каталарды оңдоого багытталып, ал өз кезегинде сот системасынын адилеттүүлүгүн жана натыйжалуулугун камсыз кылат жана калктын сот адилеттигине болгон ишенимин бекемдөөгө жана ошого жараша мыйзамды урматтоого өбөлгө түзөт.

454