7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо тууралуу Протокол ратификацияланды

332

Президент Садыр Жапаров “2022-жылдын 1-июнунда Ташкент шаарында кол коюлган Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топ тууралуу макулдашууга жана Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча евразиялык топтун бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Кабыл алынган Мыйзамда кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун укуктук негиздери такталып, бул Евразиялык топтун бюджетин түзүү булактарын кеңейтүү жолу менен бюджетти түзүү жана аткаруу тартиби бекитилген.

Ушул Мыйзам менен бекитилген протоколдо кылмыштуу кирешелерди легализациялоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун (ЕАТ) иш-аракет чөйрөсү такталат, максаттары жана милдеттери оңдолот.

Ал эми ЕАТ бюджетин түзүү жана аткаруу тартиби жөнүндө жободо бул евразиялык тобунун бюджетин түзүү булактары (ыктыярдуу төгүмдөр, ошондой эле башка кирешелер) кеңейтилет.

Протоколду ишке ашыруу кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоого (адалдоого), терроризмди каржылоого жана массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого каршы аракеттенүүнүн деңгээлин жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

333