7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акжол Махмудов жарым финалдык беттеште япониялык балбан менен күч сынашат

516

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.

16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.

Чейрек финалда кыргыз балбаны өзбекстандык спортчуну жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Ал эми жарым финалдык беттеште Акжол Махмудов япониялык Нао Кусака аттуу спортчу менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

517