Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Акжол Махмудов Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Махмудов 77 кг чейинки салмак ченинде катышып, 1/16 финалдык баскычтан тарта күч сынашууда.
Махмудов биринчи атаандашы норвегиялык Пьер Андерс Курени 4:3 эсебинде, анын далысын жерге басып таза жеңишти камсыздады. Ал эми 1/8 финалда кыргыз балбаны египеттик Мохамед Захаб Кхадил менен кез келип, аны 9:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга өттү.
Эскерте кетсек, аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда.