7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!». Ташиев ундун баасы боюнча үн катты

414

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ундун баасынын көтөрүлүп жатканы боюнча айтылып жаткан пикирлерге жооп берди.

«Урматтуу мекендештер! Ундун баасы боюнча көтөрүлүп кетти деп «хайп» кармаган депутаттарга айтаарым баа көтөрүлбөйт, мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура казактардын унунун баасы көтөрүлдү, ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. 1- сорт ундун баасы 30 с/кг, бир кап ун 1500 сом, жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн. Себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт. Мамлекетибиздин азык түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов тормозни-сникерсни!»,- деп социалдык тармактагы баракчасына жазды Ташиев.

Эске салсак, бүгүн парламенттин жыйынында депутат Марлен Маматалиев ундун кымбаттаганына өкмөт жетиштүү деңгээлде чара көрбөй жатканын айтып, нааразы болгон.  Ошондой эле Тазабек Икрамов да ундун кымбатташы тууралуу сындаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

415