7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз балет театрынын артисттери Түштүк Кореядагы гастролдорун жыйынтыктады

368

А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери Түштүк Кореядагы гастролдорун ийгиликтүү жыйынтыктады. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалым болгондой, 18-октябрда Сеул шаарындагы «Кымнарэ» искусство залында өткөн гала-концертке балет искусствосунун көптөгөн күйөрмандары катышышкан.  Иш-чара Сеул шаардык кеңеши каржылаган жана эл аралык «Korea Ballet Stars”программасынын алкагында өткөрүлдү.

Концертте дүйнөлүк классикадан — «Спартак», «Дон Кихот», «Раймонда» балеттеринен үзүндүлөр, ошондой эле кыргыз жана корей хореографтарынын заманбап автордук чыгармалары көрсөтүлдү.

Сахнага Кыргызстандын мыкты артисттери — Даяна Кыдыралиева, Атабек Садыркулов, Мээрим Султакаева, Марат уулу Эльдияр жана башкалар, ошондой эле Кореянын балет жылдыздары чыгышты.

Кыргызстандын балет чеберлеринин бул гастролу — эл аралык чыгармачылык байланыштарды кеңейтүү, тажрыйба алмашуу жана кыргыз искусствосун дүйнөгө таанытуу үчүн маанилүү кадам болду.

А. Малдыбаев атындагы театрдын жетекчилиги Түштүк Кореянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ким Кванджэге, «Korea Ballet Stars» долбоорунун директору Мисонг Чого жана өнөктөш уюмдарга ыраазычылык билдирди.

369