Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды.
Мындан тышкары, бүгүн, 9-апрелде Ташкент шаарындагы “Food City” соода комплексинин аймагында “Медовая Артель” ЖЧКсы үчүн соода аянтын ижарага алуу боюнча келишимге кол коюлду. Бул Өзбекстандын рыногунда ата мекендик продукцияны чекене сатуу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт.
Жакында 4 тонна табигый балдын алгачкы экспорттук жеткирүүлөрүн уюштуруу пландалууда.



