7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов: Кыргызстанда бир гана революция болгон – 1991-жылы

621

Кыргыз эл акыны, КР ыйгарым укуктуу элчиси, «Ленинчил жаш» гезитинин баш редактору Акбар Рыскулов: Менин оюмча, Кыргызстанда бир гана революция болгон – 1991-жылы мурдагы советтик бийлик кулап, өлкө эгемендикке жетип, өз алдынча өнүгө баштаганда. Мамлекеттеги саясий жана коомдук абал, деги эле элдин бүткүл турмушу түп тамырынан бери өзгөргөн жана биз такыр башка саясий түзүлүштө жашай баштадык. Кыргызстан бүткүл дүйнө менен алака түзүп, эл аралык турмушка интеграцияланды.

Тунгуч президент Аскар Акаев журналисттер жана басма сөз менен жакшы мамиле түзгөн, мен «Ленинчил жашта» баш редактор болуп турганда, указ чыгарып коюптур – барып, пресс-кызматынын жетекчиси болуп иштедим жана көрдүм. Эки жылга жетпеген убакыт иштедим, бирок ошол убакытта чет мамлекеттерден келген жүздөн ашык журналистти кабыл алып интервью берди, эч бир жолу «жок» деген жок, прессага туура мамиле кылган. Ошол себептен алгачкылардан болуп америкалык журналисттер Кыргызстанды «демократия аралчасы» – «островок демократии» – деп атаган…

622