7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жедигер Саалаев: Басма сөз күнү – 7-ноябрь – басмада гана эмес, тасмада иштегендердин дагы күнү

115

Белгилүү журналист, Кыргыз эл акыны, Конституциялык соттун экс-судьясы Жедигер Саалаев: Басма сөз күнүн – 7-ноябрда – басмада иштеген гана эмес, тасмада иштегендер дагы белгилейт, анткени бул күн жалпы журналисттердин жана басмаканаларда эмгектенгендердин күнү. Мындан 100 жыл мурда, 1924-жылдын 7-ноябрында Ташкенде кыргыз тилиндеги алгачкы гезит – «Эркин тоонун» биринчи саны чыккан. Ошол кездеги жаш журналисттер – Осмонкул Алиев, Сыдык Карачев, Кусейин Карасаевдер – Ишенаалы Арабаевге кайрылганда, ал «Эркин тоо» деп атагыла деп сунуштаптыр.

Гезиттин 90 жылдык мааракесин өткөрүү бактысы мага туш келди, ал кезде гезит «Кыргыз туусу» болуп калган, окурмандарыбыз менен айыл өкмөттөрү катышты, бир жыл мурда даярдана баштап, даректүү тасма дагы тартканбыз, Филармонияда салтанаттуу жыйын өткөрүп, андан соң майрамды «Дасмияда» уланттык, бирок салтанатка бир гана депутат келип, башка жетекчилер келбей койгон. Анан мен гезиттин кийинки санына – бизге ушундай мамиле болду деген сын макала жазсам, мени акырындап кызматтан четтетип коюшту…

116