28-октябрда бийик тоолуу райондордо кар, өрөөндөрдө жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +4…+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8…+13 , Ысык-Көл жана Нарын дубандарында +4…+9, градус жылуу болот.
Күндүн табы борбор калаада +5…+7, Ош шаарында +9…+11 градуска көтөрүлөт.