7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду

610

Кыргыз эл артисти Марат Алышпаевдин мемориалдык тактасы өзү жашаган үйгө орнотулду. Бул тууралуу маданият маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын эл артисти, театр жана кино искусствосунун атактуу актёру Марат Алышпаевдин 75 жылдык мааракесине арналган Эл аралык конференция болуп өттү.

Алгач иш- чара борбор калаа Бишкек шаарындагы Марат Алышпаевдин өзү жашаган үйгө орнотулган мемориалдык тактасын ачуу менен башталды.

Марат Алышпаев көзү тирүү болгондо быйыл жыл соңунда 75 жашка толмок.

  • Залкар актёр 1947-жылы 17-декабрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында туулган.
  •  Мектепти 1965-жылы аяктагандан кийин Фрунзе шаарындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетине тапшырган. 2-курста окуп жүргөн кезинде ал окуу жайга Москвадагы театралдык институттун мугалимдери жаштар арасында сынак өткөрүп, Алышпаев андан өтүп кетип Москвага жол тарткан. Ал жогорку окуу жайды 27 жашында бүтүп, эмгек жолун Ош шаардык драма театрында баштайт.
  • Сахнада дүйнөлүк классикадагы Гамлет, король Лирден баштап, кыргыз элинин бир топ чыгармаларында 100гө жакын образ жараткан. Киночулардын 20дан ашык тасмасында тартылган.
  • Андан сырткары, таланттуу актер Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук куудулдар театрын негиздеп, 2003-жылы Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык драма театрынын директору, Маданият жана маалымат министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору кызматтарын аркалаган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

611