7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгы менен куттуктады

421

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрьда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Мамлекеттик гимнинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу калайык-калк!

Өз алдынча эгемендүү өлкө болуп, эркиндикке кулач жайып, демократия жолуна түшкөнү мамлекетибиздин символикалык белгилерин кабыл алып, келечекке жол алганбыз. Мына бүгүн ошол ыйык белгилерибиздин бири болгон Мамлекеттик гимнибизге 30 жылдын жүзү болуп олтурат.

Бардыгыңыздарды жаңырса жүрөк толкуткан, көкүрөккө кол басып өлкөнүн эгемендигин, азаттыгын ураан кылган Кыргыз мамлекетинин гимнинин 30 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Ар бир улут өзүнө таандык мүнөзү, тили, маданияты менен өзгөчөлөнөт. Ал эми улуттун мамлекет катары калыптанышы, көз карандысыздыгы – бул элдин эң башкы бакыты, олжосу! Ошол бакытты, ошол жетишкендикти даңазалап, өлкө тагдырынын кечээгисин баяндап, бүгүнкүсүн ырастап, эртеңкисине илгери үмүт менен караткан, атуулдук сезимди ойготкон мурастуу музыкалык-поэтикалык салтанаттуу ырыбыз, ыйык символубуз – бул мамлекеттик гимнибиз!

Өз мезгилинде “легендарлуу парламент” атыккан Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин 12-чакырылышынын депутаттары мамлекеттик символдорду кабыл алууга олуттуу мамиле жасап, келип түшкөн варианттарды тыкыр карап чыккан. Сунушталган эки вариантты жуурулуштуруп иштеп чыгууну тапшырып, жыйынтыгында сөзү Жалил Садыковго жана Шабданбай Кулуевге, музыкасы Насыр Давлесов менен Калый Молдобасановго таандык эмгек тандалып алынганы тарыхта белгилүү. Аты аталган залкарларыбыз арабызда жок болгону менен алардын калтырган улуу мурасы кыргызстандыктардын жүрөгүнө бекем орноп, атуулдук ариетке ар дайым дем болуп турат.

Ата-бабаларыбыздан бери келаткан ыйык мурастарыбызды, каада-салтыбызды, нарк-насилибизди, ак калпактуу асыл элибизди, Ала-Тоодой кең мекен – жерибизди, өз алдынча мамлекет болгон эгемендигибизди чагылдырып, түптүү калкыбызды биримдикке, достукка, ынтымак-ырашкерчиликке үндөгөн касиеттердин баары Гимнибизде камтылганы талашсыз.

Ошондуктан биз ар кандай мамлекеттик, эл аралык, республикалык, маанилүү расмий жана салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүдө ыйык туткан, баш ийип таазим кылган Гимнибиз менен баштайбыз.

Мамлекеттик гимндин 30 жылдыгын майрамдап, белгилөө менен эле тим болбостон, аны келечек муун көкүрөгүндө алып жүргөн ыйык тумардай бапестеп, мындай салтты мындан ары да урпактардын улантып кетишине өзгөчө көңүл буруу ‒ ыйык парызыбыз деп эсептейм.

Анткени Мамлекеттик гимн улуттун улуу символу катары көөнөргүс руханий мурастарыбызды сактоого, элибиздин баалуу казынасын байытууга, жаш муундардын мамлекетке, дүйнөгө болгон көз карашын калыптандырууга, мекенчилдикке, атуулдук ар-намыска, жаратмандыкка тарбиялоого үндөп турат.

Урматтуу мекендештер!

Бардыгыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен дагы бир жолу куттуктайм!

Өлкөбүздө тынчтык өкүм сүрүп, асманыбыз ачык, келечегибиз жарык болсун!

Түндүгүн күн чайыган кызыл туубуз көк серпип желбиреп, гербибиз мөөр болуп басылып, жүрөк туйлаткан гимнибиз түбөлүк жаңырсын!

Эгемен улуу элибиз мамлекеттик символдорун ыйык тутуп, ынтымакта, биримдикте бакубат өмүр сүрсүн!

Ар бир үй-бүлөгө ден соолук, бакыт, токчулук, береке каалайм!

Бар болуңуздар!”,-деди президент.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

422