7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз футбол жоготууга учурады

281

СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, кыргыз футболунун ардагери Мусаев Юсуп Иминович 89-жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен кабарлашты.

Юсуп Мусаев Иминович жашоосун толугу менен футболго арнаган. Ал 1957–1969-жылдары легендарлуу Фрунзенин «Алга» командасында ойноо менен Кыргызстандын футбол тарыхында өчпөс из калтырган. «Алгада» жалпы 10 жылдан ашык чабуулда ойногон. 60-жылдары «Алга» өз дивизионунда эң күчтүү болгон жана СССРдин Жогорку лигасына өтүүгө аз гана жетпей калган.

Жалпы 150дөн ашык гол киргизип, ХХ кылымдагы Кыргызстандын эң мыкты футболчусу деп табылган. Анын футболдук карьерасы оюнчулук менен гана чектелбестен, машыктыруучулук жаатында да улантылып, «Алга» командасын жетектеп, Олимпиадалык резерв мектебинде машыктыруучу болуп эмгектенген.

Эмгеги жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын «Данк» медалы, ФИФА  Президентинин грамотасы менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорттун эмгек сиңирген ишмери наамына ээ болгон.

Юсуп Иминовичтин элеси кыргыз футболунун тарыхында түбөлүк сакталат. Маркумду жерге берүү зыйнаты бүгүн, 28-февралда өтөт. Жаназа намазы 7-Апрель мечитинде саат 13:00 чамасында окулуп, маркум Орок айылындагы көрүстөнгө коюлат.

282