7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасында айдоочулар үчүн чатырлар тигилди

556

“Ак-Тилек-автодорожный” постунун жанындагы жүк ташуучу унаалар чогулган жерге жардам чатырлары орнотулду. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

«Чүй облусунун аймагындагы “Ак-Тилек-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдындагы жүк ташуучу унаалар топтолгон жерге чатырлуу жардам пункттары орнотулуп иштеп жатат. Аларда айдоочуларга медициналык, психологиялык, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган.

Мындай тапшырманы КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев райондук түзүмдүк бөлүмдөргө жана жергиликтүү бийлик органдарына Президенттин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин төрагасынын көрсөтмөлөрүнө ылайык берген»,-дешти өкүлчүлүктөн.

Кошумчалай кетсек, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

557