7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра» бекети күнү-түнү иштей баштады

417

25-августан тарта кыргыз-казак чек арасындагы «Каркыра-автожол» өткөрүү пункту суткалык иштөө режимине өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта мындай чечимдин кабыл алынышы казак лидеринин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында ишке ашканы айтылат.

Чек ара өткөрүү жайынын тынымсыз иштөө режимине өткөндүгүнө арналган атайын иш-чара болуп, ага эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери, канатташ айылдардын аксакалдары катышканы белгиленген.

«Кийинки жылы аталган өткөрүү бекетинин аймагында заманбап инфраструктура менен жабдылган объектилердин курулушу мерчемделүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

«Каркыра-автожол» өткөрүү пункту Ысык-Көл облусунун Түп районунда жайгашкан.

 

 

418