7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-кытай курулуш жаатында кызматташуу маселелери талкууланды

10

Кечээ, 18-декабрда кыргыз-кытай курулуш жаатында кызматташуу маселелери талкууланды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кытайдын Үрүмчү шаарында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев менен СУАРдын (Синьцзян-Уйгур автоном району) турак жай курулушу, шаардык жана айылдык райондорду өнүктүрүү департаментинин парткомунун катчысы Ли Хунбиндин эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Курулуш министрлиги менен СУАРдын тиешелүү департаментинин ортосундагы кызматташтыкты түзүү жана мындан ары чыңдоо маселелери кеңири каралды. Ошондой эле сейсмикалык туруктуулукту камсыз кылуу, курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөө жана курулуш тармагындагы адистердин квалификациясын жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуунун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Белгилей кетсек, 17-декабрда Курулуш министри менен бирге Кыргызстандын 30га жакын курулуш компанияларынын жетекчиси Үрүмчү шаарына барган. Иш сапардын негизги максаты Үрүмчү шаарынын курулуш материалдары тармагындагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү менен таанышуу жана СУАРдын өндүрүш ишканалары менен кызматташтык байланыштарды түзүү болуп саналат.

11