7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүүдө». Жапаров Си Цзиньпинди куттуктады

470

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта, Си Цзиньпинди Кытай Эл Республикасынын төрагасы, ошондой эле Кытайдын Борбордук аскер кеңешинин төрагасы болуп кайра шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Акыркы жылдары кыргыз-кытай мамилелери динамикалуу өнүгүп жатканы кубандырат. Мамлекеттерибиздин ортосунда ынак кошуначылык жана достук, саясий өз ара ишеним ырааттуу чыңдалып, соода-экономикалык кызматташтык тынымсыз кеңейүүдө, «Бир алкак — бир жол» демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлор ишке ашырылууда. Мен өткөн жылдын февраль жана сентябрь айларында Пекинде жана Самаркандда болгон жолугушууларыбызды жылуулук менен эстейм, алар кыргыз-кытай ынак кошуначылык, достук, кызматташтык жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин өнүктүрүүгө абдан чоң түрткү берди. 

Сиз менен жеке байланыштарыбызды мындан ары да чыңдоого жана кыргыз-кытай мамилелеринин деңгээлин жогорулатуу боюнча биргелешкен конструктивдүү иштерди улантууга даяр экенимди билдирем», — деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Садыр Жапаров Си Цзиньпинге ден соолук жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди, ал эми дос кытай элине бакубатчылык, тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

471