7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында профилактикалык кеңешме өткөрүлдү

317

22-январда И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү.

Жолугушууга жалпы 500гө жакын адам, окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттар, факультеттер, кафедралар ж.б.) жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

УКМКнын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле, УКМК кызматкерлери тарабынан 2020-жылдан тартып 2024-жылга чейинки мезгилде республиканын саламаттык сактоо системасында аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын, фактылардын жыйынтыктары мисал келтирилди.

 

318