Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 97 жыл толду. Бүгүн, 30-октябрь Ош облустук ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин айкелине гүл чамбар коюп, куран окутушту.
Андан сырткары Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык майрамына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Анда кызматтык милдеттине жоопкерчиликтүү мамиле кылган, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкон бир катар кызматкерлерге ИИМдин төш белгилери, ардак грамоталары тапшырылып, кезектеги аскердик наамдары ыйгарылды.
Салтанаттуу иш-чарада башкармалыктын жетекчиси сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын милициясынын өнүгүүсүнө салым кошкон Ош ОИИБдин кызматкерлеринин орду бийик экендигин баса белгилеп, алардын эл кызматындагы түйшүктүү жана жооптуу ишине ийгилик каалап кетти.
Майрамдык иш-чара салтанаттуу горнизондук парад менен коштолуп, бул ирет өзгөчөлөнүп райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана кыз-келиндеринен турган саптык түзүм менен толукталды.