7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров 4-класста окуган окуучунун жазган катына жооп кайтарды

676

Садыр Жапаров 4-класста окуган окуучунун жазган катына жооп кайтарды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчынын атына № 8 орто мектептин 4-классынын окуучусу Арсен Мукаев кат жазган. Анда китепке кызыккан бала космос, динозаврлар, канаттуулар жана жаныбарлар тууралуу китептерди окууга болгон ынтызарлыгы тууралуу айтып берген. Мектеп окуучусунун катын алгандан кийин Садыр Жапаров ага бир нече энциклопедиялык китептерди белекке берүүнү чечкен.

Президенттин администрациясынын кызматкерлери баланын үйүнө барып, ага президенттин атынан энциклопедияларды тапшырышты.

Арсен Мукаев мамлекет башчысына ыраазычылык билдирип, бир нече жылдан бери президенттин администрациясына кат жолдоп келгенин, бирок ага бир гана Садыр Жапаров көңүл бурганын белгиледи. Ал китеп окуганды абдан жакшы көрөт жана дайыма китепканага барат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

677