7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кыргыз почтасынын» Хабиб Нурмагомедовдун атасына арнап марка чыгарганы сынга кабылды (видео)

831

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» ишканасы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов атасынын урматына почта маркасын чыгарды. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы Фейсбук баракчасына жарыялады. Бул көрүнүш социалдык тармактарды колдонуучуларынын нааразычылыгын жаратып, сынга кабылды.

«Кыргыз почтасынын» жетекчилиги таанымал спортчунун Кыргызстанга болгон ар бир сапары жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттырып жатканын белгилеп, спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирүү иретинде чыгарганын айткан. «Хабиб Нурмагомедовдун атасы Абдулманап Нурмагомедов көптөгөн белгилүү спортчуларды тарбиялап өстүргөнүн жана анын элесин түбөлүккө калтыруу керек», — деп кошумчалаган «Кыргыз почтасынын» директору Марат Черикчиев.

Ал эми социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик ишкана улуттук баалуулуктарга басым жасабаганына нааразычылыктарын билдиришүүдө.

Абдулманап Нурмагомедовго арналган почта маркасы 6 миң нускада чыгарылган, бир марканын баасы 65 сом.

Белгилей кетсек, 8-августта Кыргызстанга UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов менен орусиялык блогер Хасбулла Магомедов (Хасбик) Бишкекте өткөн Eagle Fighting Championship (EFC 49) аралаш мушташ боюнча лиганын турнирине катышуу үчүн келишкен.

Булак: maralfm.kg

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

832