7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз породасындагы бээлер жасалма уруктандырылат

248

Алгачкы жолу «Фрунзе-82» чарбасында бээлер жасалма уруктандырылат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда жайгашкан «Фрунзе-82» Кыргызстандагы жылкы чарбачылыгынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келе жаткан алдынкы чарбалардын бири. Учурда чарбада жаңы кыргыз породасындагы асыл тукум жылкылар багылып, алардын сапатын жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.

 Бул демилге атамекендик асыл тукум мал чарбачылыгында жаңы доордун башталышы болуп саналат. Айрыкча чарбада эң мыкты бээлер кармалып, тукумду улантуу иши илимий негизде уюштурулган.

Жасалма уруктандыруу аркылуу жогорку генетикалык сапаттагы тайлар алынат жана улуттук породаны дагы да жакшыртууга шарт түзүлөт. «Фрунзе-82» чарбасынын аракети кыргыз жылкысынын нукура өзгөчөлүгүн сактоо менен, аны дүйнөлүк стандарттарга жооп берген деңгээлге жеткирүүгө багытталган маанилүү кадам экендиги айтылууда.

249