Үстүбүздөгү жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча кыргыз спортчулары жалпы 248 медаль утту. Бул тууралуу маданият министринин орун басары, Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдумомунов министрликтин коллегиясында билдирди.
Ошондой эле 6 айдын аралыгында 78 республикалык спорттук-массалык иш-чара, 1 миң 527 спорттук-массалык иш-чара, 53 окуу-машыгуу жыйындары өткөрүлүп, ата мекендик спортчулар 73 эл аралык мелдешке жөнөтүлгөн.
«Жыйынтыгында ата мекендик спортчулар 248 медаль утту, анын 88и алтын, 69у күмүш жана 91и коло медаль»,- деп белгиледи Абдумомунов.