7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сокулукта топ балдар көчөдөгү жарандарга кол салып, унааларды талкалаган

1016

Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында бир нече адам жарандарды себепсиз сабаган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 28-июлга караган түнү Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айылында топ балдар эч себепсиз жолдо бир нече жаранды сабап, эки унаага зыян келтиргендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факт Сокулук райондук милициясына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

«Учурда бул окуяга тиешеси бар адамдардын бардыгы аныкталып, алты адам Сокулук райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берилип, тергөө амалдары жүрүүдө. Кошумча маалымат берилет»,- дешти.

Буга чейин соцтармакта өтүп бара жаткандарга союл менен кол салган жарандардын видеосу тараган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1017