Президент Садыр Жапаров кезектеги маегин берип жатып Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча айтты. Анда өлкө башчысы плотинаны башкарууга кыргыз тарап кирип жатканын, мындан ары маселе жаралса эки тарап чогуу эле маселени чечип алаарын билдирди.
» Мадумаров өмүр бою парламенттен чыкпай олтура берип, теоретик болуп калган. Практикалык иш жасап көргөн эмес. Ошол үчүн практика жүзүндө кандай иштер болуп калаарын билбейт. Бул жердеги форс-мажор деген сөз боюнча, өткөндө – ушул жылдын жай айында нөшөрлөп жааган жамгырда Сузак районунда канча деген биздин айылдарыбызды сел алып кетти. Ошол күнү биз өзбек тарапка чыгып, сууну жаба тургула деп жаптырдык. Албетте, сууну жапканда горизонт бир аз көтөрүлөт. Көп болсо 20-30 см көтөрүлөт. Эгер жаппаганда андан да көп айылдарыбызды сел агызып кетет эле. Жаан токтогондон кийин кайра ачтырдык. Мына ушундай учурларды форс-мажор деп коет. Ушундай учурларды гана.
Азыр эми биз дагы плотинаны башкарууга кирип атабыз да. Мындан ары мындай учурларда маселе жаралса, эки тарап чогуу эле маселени жеринде чечип кете беришет. Суу азайышы мүмкүн, бирок 900дөн өйдө көтөрүлбөйт.
Ал эми “сууну биз тазалап берет экенбиз” дегени акылга сыйбайт. Андай маселе жок. Эмне суунун алдына түшүп алып тумшугу менен таш түртөбү же кум шыпырабы? Кыргыз тарап эч кандай чыгым көтөрбөйбүз.
Эптеп эле бир жеринен кыйкым таап, өзбек тарап менен чабыштырып жибергиси келип турган арам ою ишке ашпайт«,- дейт Садыр Жапаров.