Ыссык-Көл областтык башкы башкармалыгында тергөө жүрүп жаткан кылмыш ишинин алкагында 14,6 млн. сомго бааланган 58,65 га сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 1998-жылдагы токтому менен, Отраднен айыл аймагынын өндүрүштүк-коммерциялык фирмалардын бирине жер тилкеси бөлүнүп берилип, анын негизинде ыйгарым укуктуу орган мамлекеттик акт чыгаргандыгы аныкталган.
Андан кийин, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана өндүрүштүк-коммерциялык ишкананын төрагасы, жер комиссиясынын өкүлдөрүнөн, айыл өкмөтүнүн адистеринен турган комиссия тарабынан 2014-ж. учурда жерди жеке максатта пайдаланууда, коомдун 27 мүчөсүнүн жер тилкелерин анын төрагасынын жеке менчигине берүү зарылдыгы жөнүндө акт түзүлгөн. Ошол эле учурда, кийин айыл чарба өндүрүштүк кооперативи болуп кайра түзүлгөн ишкананын мүчөлөрү Ак-Суу районунун Отраднен айыл аймагынын аймагында иш жүзүндө жашашкан эмес.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 14,6 миллион сомдук 58,65 гектар сугат жер мамлекеттин балансына кайтарылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.