7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Кара Кызыл Сары» тасмасынын улуттук бет ачары 31-августта өтөт

417

Өлкөбүздүн эгемендүүлүк күнүнө карата 31-августта Бишкек шаарында режиссёр Актан Арым Кубаттын «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылган  «Кара Кызыл Сары» аттуу толук метраждуу көркөм тасмасынын улуттук бет ачары өтөт. Бул тууралуу Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» Улуттук киностудиясы кабарлады.

Ошондой эле XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын баш байгесинин жеңүүчүсү болгон тасма — 2025-жылдын 21-25-август күндөрү Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн «Эң мыкты тасмалар жумалыгы» иш-чарасына да катышат.

Кино жумалык Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында өтөт. Жергиликтүү көрүүчүлөр эки апта бою ШКУ өлкөлөрүнүн  эң мыкты 30дан  ашуун тасмасын  көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Тасмада кыргыздын, анын ичинде башкы каарман Турдугүлдүн килем токуу өнөрү жана анын кеч келген махабаты, үй-бүлөлүк жоопкерчилиги чагылдырылган. Фильмдин аталышы килемдеги өңдөргө байланыштуу коюлган. Анын сценарийи жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын аңгемелеринин негизинде жазылып, тартуу иштери 2024-жылы Баткен облусунда жүргүзүлгөн.

 

418