7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чече турган протоколго кол коюлду

459

2-октябрь күнү Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматынын башчылары Баткен шаарында №44 протоколго кол коюшту.

«Жакынкы аралыкта чек ара тилкелерин толугу менен тактай турган соңку чечимди кабыл алабыз. Мен бул маселени чечүүгө катышкан эки өлкөнүн командасына ыраазычылык билдирем. Биздин комиссиялар чек араны делимитациялоо боюнча тыным албай иштеп жатат жана жакында чечим кабыл алат. Бүгүн кабыл алынган чечимдердин бардыгы чек арада тынчтык, стабилдүүлүк орнотууга негиз болуп, элдерибиз өмүр бою достук мамиледе өмүр сүрөт», — деди Камчыбек Ташиев.

Ал эми тажик делегациясынын жетекчиси Саймумин Ятимов протоколго эки президенттин эрки менен кол коюлганын белгиледи.

«№44 протоколго кол койдук, ал буга чейин чек арадагы жаңжалдын очогу болуп жаткан көйгөйлөрдүн жана кемчиликтердин дээрлик баарын жоёт. Муну ишке ашыруу эки президенттин эрки болуп саналат. Өтө жакынкы аралыкта негизги документке өтөбүз. Протокол биздин эки тараптуу мамилелердин талыкпаган ишинин жыйынтыгы жана тынчтык, туруктуу өнүгүү үчүн элдерибиздин эркин билдирет», — деди ал.

Эске салсак, 2-октябрда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кезектеги биргелешкен жолугушуусу болгон. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460