7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү Тажикстандын Гулистон шаарында өтөт

532

Кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын кезектеги сүйлөшүүсү 16-мартта өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 9-мартта министр Руслан Казакбаев Тажикстандын башкы дипломаты Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Министрлер Согди облусунун Гулистон шаарында өтө турган жолугушуу ортодогу мамлекеттик чек ара тилкесин тактоо ишин улантууга, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылууга өбөлгө болорун айтышты.

Мындан тышкары, жакын арада өкмөт аралык комиссиянын 17-жыйынын, Тышкы иштер министрликтеринин консультацияларын өткөрүү, кыргыз тараптын 30-мартта Душанбе шаарында Ооганстан боюнча өтө турган жыйынына катышуу маселелери да талкууланды.

Бир ай мурда Баткендин Баткен жана Жалал-Абаддын Ала-Бука райондорунда Тажикстан менен чектеш аймактарда жергиликтүү тургандар менен коңшу мамлекеттин жарандары ортосунда жерге байланыштуу чыр-чатактар катталган.

533