7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

516

1-октябрда Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Бустон шаарында Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашты жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

 

 

517