7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында аткезчилик жүктөр аныкталды

521

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде аткезчилик жүктөр аныкталганын Чек ара кызматынын билдиришти.

Лейлек районунун Байзак-Сай жергесинде Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаадан жалпы салмагы 900 кг түзгөн 18 кап күрүч табылган. Күрүчтү 25 жана 23 жаштагы Кыргызстандын жарандары Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз алып кирүүгө аракет кылышкан. Аларда тийиштүү документтер болгон эмес.

Ошондой эле Мурас-Достук унаа жолунда чек арачылар мамлекеттик чек арадан жүктү мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган 38 жаштагы Лейлек районунун Жаштык айылынын тургунун кармашкан. Аталган жаранга таандык Opel Zafira үлгүсүндөгү унааны текшерүү учурунда 100 кутудан ашык энергетикалык суусундуктар табылган. Ар бир кутунун ичинде 24 банка алкоголсуз суусундуктар болгон. Тийиштүү документтери жок жүктү Кыргызстандан Тажикстанга алып чыгуу аракети көрүлгөн.

Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык, алынып бараткан аткезчилик жүктөрдүн жалпы суммасы болжол менен 300 миң сомдон ашат. Кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр мындан аркы териштирүү иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

522