7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасында баатырларча курман болгон Мыктыбек Мурзажановтун эстелиги ачылды

446

Бүгүн Айдаркен шаарында 2022-жылдын 16-сентябрь күнү Тажикстандын куралдуу кол салуусунан баатырларча курман болгон Мурзажанов Мыктыбек Ниматовичтин айкели тургузулуп, анын ачылуу аземи болду.

ИИМдин Атайын багыттагы полкунун Баткен облусунда жайгашкан өзүнчө ротасынын кызматкери, милициянын улук сержанты кызмат учурунда курман болгон.

Бул аземге Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, милициянын генерал-майору Мурат Боронов, ИИМдин Атайын багыттагы полкунун командиринин орун басары Нурлан Камчыев, облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана райондук мекеме- ишканалардын начальниктери, Айдаркен шаарынын тургундары жана маркумдун туугандары катышты.

Алгач анын эстегилигине багыштап куран окутулуп, эстелигине гүлчамбарлар коюлду.

Баткен ОИИБдин башчысы Мурат Боронов Мыктыбек Мурзажановтун өмүр баянына, баскан жолуна токтолуп, анын мамлекеттин бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн берип, баатырдык эмгеги мындан кийин да унутулбай тургандыгын баса белгилеп өттү. Ошондой эле, Мыктыбек Мурзажановко мамлекет тарабынан “Эрдик” медалы берилип, анын ата-энесине социалдык тараптан да колдоолор көрсөтүлүп жаткандыгы белигилүү болду.

Мыктыбек Мурзажановтун ысымы Айдаркен шаарындагы көчөлөрдүн бирине коюлду.
Мурзажанов Мыктыбек Ниматович 1999-жылдын 17-февралында Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасында төрөлүп, 2019-жылы Кыргыз Республикасынын ИИОна кабыл алынган.

 

447