7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдиктерге интимдик кызмат көрсөткөн кыздар кармалды

972

УКМК чет элдик жарандарга гана интимдик кызмат көрсөтүүгө адистешкен уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктап, бөгөт койду.

Жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында бул топ мыйзамдуулугун көрсөтүү максатында расмий түрдө үйлөнүү үлпөт салонун уюштуруп, ал жерде чындыгында чет өлкөлүк жарандардын бош убактысын өткөрүү үчүн жашыруун жай, ошондой эле интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү уюштурулганы аныкталды.

Ошондой эле жаш кыздарды официант катары ишке алуу механизми түзүлүп, анын жүрүшүндө уюштуруучулар аларды ар кандай шылтоолор, анын ичинде коркутуу, шантаж жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга активдүү аракет кылышкан.

Бул жай тар чөйрө үчүн уюштурулуп, чет элдик жарандар гана бара ала тургандыгы өзүнө өзгөчө көңүл бурдурат (балким жашыруун тасма тартылып, алынган айыптоочу далилдер бул боюнча укук коргоо органдарына кайрыла албай турган чет элдиктерди шантаж кылуу үчүн пайдаланылышы мүмкүн).

Жеринде 10-ноябрда 30дан ашык кыз жана 16 чет элдик жарандар болгон. Бул иштерге жашы жете элек кыздардын тартылышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кылмыш-жаза кодексинин 159-беренесинин (“сойкулук кылууга тартуу”) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында бул жайдын уюштуруучулары “Б.Б.”, “М.К.” жана “Н.Ч.” кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жайдын мамлекеттик кызматкерлердин ичинен бейформал колдоочуларын, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

 

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

973